Бүгүн, 9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 76 жылдыгы белгиленип жатат. Майрамды утурлай Өчпөс отко согушта курман болгондорду эскерип гүл-чамбарлар коюлуп жаткан кези. Кыргыз өлкөсүндөгү Орусиянын, Казакстандын элчиликтери согушта курман болгондорду эскерип гүл коюшту. Мындан тышкары шаар тургундары жана коноктору келип, согушта курман болгондорду эскеришүүдө.
Белгилей кетсек, быйыл өлкөдө пандемияга байланыштуу массалык иш-чара, парад уюштурулган жок.