Чаткал дарыясына түшүп кеткен 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 8-майда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Чаткал дарыясына 2015-жылы туулган Ж.А. аттуу бала сууга түшүп кеткен. Саат 16:45те анын жансыз денеси туугандары тарабынан табылды.