Ошто уурдалган эки баш мал ээсине кайтарылып берилди

Ош облусунда уурдалган мал ээсине кайтарылып берилди. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Араван РИИБине арыз менен Төө-Моюн айыл аймагынын 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 29-апрелинен 30-апрелге караган түнү эки баш малын белгисиз жарандар уурдап кетишкендигин билдирген. Натыйжада жабырлануучу 110 миң сомго зыянга учураган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган. 2-май күнү жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүлөр кармалган. Алар Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун 24 жаштагы тургуну Д.М. жана Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл округунун 21 жаштагы тургуну Н.Н. болуп чыккан.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды тактоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жана сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Уурдалган мал ээсине кайтарылып берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан