7-май күнү Болгариянын борбору София шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына акыркы дүйнөлүк лицензиялык турнир болуп өттү.
Анда кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмак ченинде жалпы 2 лицензия ойнотулуп, аны монголиялык Хурелхуугини Болортуяа жана орусиялык Любовь Овчарова жеңип алышты. Муну менен 62 килограмм салмакта байге үчүн жалпы 16 балбан кыз ат салышмай болду.
62 килограмм салмакка чүчү кулак 2-август күнү өтөт.
Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарына жолдомону 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпиондугунда жеңип алган.