Бүгүнкүгө карата республика боюнча коронавирус илдетине каршы 42 миң 972 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу брифингде мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.
"Бишкек шаарында коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. 10-майга карата борбордо бир сутканын ичинде коронавирус 195 адамдан аныкталды. Ооруканага жаткырылгандардын саны 31, үй шартында дарыланып жаткандардын саны 164.
19-мартта Кытай Эл Республикасынан жардам катары 150 миң доза вакцина алынган. Бишкек шаарына 28 миң доза вакцина бөлүнгөн. Эмдөөдөн 18 жаштан өткөн бардык жарандар өтө алат. Бүгүнкү күндө республика боюнча 42 миң 972 адам эмделди. Анын ичинен Бишкек шаары боюнча 11 миң 712 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 5 миң 900 адам Спутник V вакцинасы менен эмдөөдөн өттү. Эмдөө алгандардын арасында эч кандай татаалдашуу же өлүмгө учурагандар болгон жок", - деп билдирди Рыскулбекова.