Олимпиада: "Өтө күчтүүлөр". Эрназар Акматалиевдин Олимпиададагы бардык атаандаштары аныкталды (тизме)

6-майда Болгариянын борбору София шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу боюнча акыркы дүйнөлүк лицензиялык турнир старт алып, 9-майда жыйынтыкталды.

Олимпиада оюндарындагы 65 килограмм салмакка акыркы эки жолдомону Польша жана грециялык балбандар утуп алышты. Муну менен аталган салмак категорияда Олимпиадада байге үчүн ат салышчу бардык 16 балбандын тизмеси аныкталды.

Бул салмак категорияда чүчү кулак 5-август күнү өтөт.

Эркин күрөш боюнча Кыргыз улуттук курамасында эркектер арасында бир эле жолдомо бар. Аны 65 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев быйыл Алматы шаарында өткөн Азия чөлкөмүнөн тандап алуу турниринде жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан