Бишкекте 500 ата-энеси жок балага гуманитардык жардам таратылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, иш-чарага саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова катышты.
Биринчи орун басар Ализа Солтонбекованын айтымында, аталган жардам министрлик менен тыгыз кызматташуунун натыйжасында ишке ашууда.
"Бул азык-түлүк түрүндөгү жардам Дубай шаарындагы "Аль-Махтум" фонду тарабынан көрсөтүлдү. Ошондой эле буга "Жаркын жаштар келечеги" фондунун салымы чоң", - деп билдирген ал.
Ализа Солтонбекова муктаждарга колдоо көрсөтүү багытында иш-чаралар улантыларын кошумчалады.