Бишкектин Октябрь районунда көп кабаттуу батирлеринин ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-май күнү саат 09:53тө ӨКМнын Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары 6-кичи районунда жайгашкан батирлердин биринде жабылып калган эшигин ачышкан. Анда батирдин ичинен 1971-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.