Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы аскер бөлүктөрүнүн биринде Улуу жеңиштин 76 жылдыгына арналып уюшулган иш-чарада ырдаган видеосун жарыялап, "Достор мен таап алдым. Көрсө мекен коргоп жүргөн турбайбы. Аскерлердин маанайын бир аз да болсо көтөрдүк окшойт. Алардын маанайын көтөрөм деп өзүмүн да маанайым көтөрүлүп кетти", - деп жазган.
Ырчынын өзүнө байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.
"Тимур Пазылов аттуу тамада жигит бар. Ошол Оштогу аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан экен, бизди чакырган болчу. Ырчылар Жыпара Нуракова, Нурмира, Шерзат Иминакун болуп барганбыз. Ал жактан тапкан сүйгөнүмдүн атын деле билбейм. Сүйүнгөнүмдөн сурабаптырмын деле (күлүп). Видеосун чыгарып койсом бир күндө 100 миң жолу көрүлүптүр. Клиптерим да бир күндө мындай көрүлбөйт эле деп күлүп жатам", - дейт Чыныбек кызы.