"Токио-2020": Жоламан Шаршенбековдун Олимпиададагы бардык атаандаштары аныкталды. Ал качан күрөшөт?

6-майда Болгариянын борбору София шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу боюнча акыркы дүйнөлүк лицензиялык турнир старт алып, 9-майда жыйынтыкталды.

Бул турнирде Олимпиадага грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмактагы акыркы эки жолдомону молдовалык Виктор Чобану жана армениялык Армен Меликян жеңип алышты.

Бул салмак категориядагы алгачкы жана жарым финалдык беттештер 1-августта өтсө, 2-августта финал жана коло байге үчүн беттештер өтөт. Ал эми чүчү кулак 30-июлда.

60 килограмм салмакта Кыргыз өлкөсүнүн атынан Олимпиадага Жоламан Шаршенбеков катышат. Ал жолдомону быйыл Алматы шаарында өткөн лицензиялык турнирде жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Merch
2021-05-10 17:05:21
Олимпиадада ийгилик эми...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан