Ош облусунун Чоң-Алай районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-май күнү саат 15:08де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Мык, Кара-Тейит айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.