Олимпиада: "Венгриялык күчтүү". Акжол Махмудовдун Олимпиада оюндарындагы бардык атаандаштары аныкталды

7-май күнү Болгариянын борбору София шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына акыркы дүйнөлүк лицензиялык турнир болуп өттү.

Анда "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына 77 килограмм салмакта акыркы эки жолдомону болгариялык Айк Мнацканян менен азербайжандык Рафиг Гусейновдор жеңип алышты. Муну менен 77 килограмм салмакта Олимпиада оюндарына катыша турчу бардык балбандардын тизмеси аныкталды.

Бул балбандардын тизмесин карай келгенде күчтүү делинип венгриялык 34 жаштагы Тамаш Лёринц аттуу балбан эсептелүүдө. Ал "Лондон-2012" жайкы Олимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болгон.

Кыргыз өлкөсүнүн атынан 77 килограмм салмакта Олимпиадага Акжол Махмудов катышат. Ал жолдомону быйыл Алматы шаарында өткөн лицензиялык турнирде жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан