6-майда Болгариянын борбору София шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу боюнча акыркы дүйнөлүк лицензиялык турнир старт алып, 9-майда жыйынтыкталды.
Бул турнирде Олимпиадага грек-рим күрөшү боюнча 87 килограмм салмактагы акыркы эки жолдомону хорватиялык Иван Хуклек жана сербиялык Зураб Датунашвили аттуу балбандар жеңип алды. Муну менен аталган салмак категориясында байге үчүн ат салышчу 16 балбандын тизмеси белгилүү болду.
Бул салмак категорияда "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан Атабек Азисбеков катышат. Ал жолдомону 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда жеңип алган.