Беларустун президенти Александр Лукашенко "Эгемендүүлүктү жана конституциялык түзүлүштү коргоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, террордук акт, тышкы агрессия же башка зордук-зомбулук аракеттеринин натыйжасында мамлекет башчысы каза болгон учурда бийлик Коопсуздук кеңешине өтөт.
"Бардык мамлекеттик органдар жана кызматта тургандар Коопсуздук кеңешинин чечими менен иш алып барат. Отурумдарга төрагалык кылуу милдети премьер-министрге жүктөлөт. Ошол эле учурда өлкө аймагына дароо өзгөчө кырдаал же аскердик абал киргизилип, Коопсуздук кеңеши аларды камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын тизмесин аныктайт", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, апрелдин ортосунда Лукашенконун жана анын үй-бүлөсүнө кол салууга даярданган адамдардын тобу кармалганы боюнча маалымат тараган. Өлкөнүн мамлекеттик коопсуздук боюнча комитети козголоңчулар өлкөдө куралдуу басып алууга даярданганын билдирген.