Биз социалдык тармакта

Карапайым эл үчүн электр энергиясынын баасын көтөрбөө сунуш кылынды

Бүгүн, 10-май күнү электр жана жылуулук энергиясына болгон жаңы тарифтик саясат жөнүндө маалымат жыйын болуп өттү. Анда отун-энергетикалык комплекстин көз карандысыз эксперти Расул Умбеталиев социалдык тарифти мурунку баасында калтырыш керек экендигин билдирип, өз тарифтерин сунуштады.

“Президентке карапайым эл үчүн социалдык тарифтерди калтырсак деп сунуш кылып жатам. Жалпы элге 77 тыйындын ордуна 1 сом 48 тыйын деген тарифти бир жагынан колдоп жатам, бир жагынан социалдык тарифти калтыралы деп сунуштап жатам. Анткени азыркы учурда элдин жашоо-турмушу кыйындап кетти. Азык-түлүк кымбат, бензин кымбат, коронавирус илдети күчөп жатат.

Карапайым элге социалдык норманы 700 киловатт бойдон калтыралы. Ким 700 киловаттан 2 миң киловаттка чейин колдонсо 1 сом 48 тыйын кылалы, ким 2 миң киловаттан 5 миң киловаттка чейин колдонсо 2 сом 50 тыйындан төлөсүн. Ким 5 миң киловаттан 10 миң киловаттка чейин колдонсо 5 сомдон төлөсүн, ким 10 миң киловатт айына колдонсо 10 сомдон төлөсүн деген сунушту айтам”, - деди Умбеталиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kuban-1207
2021-05-10 13:08:45
Ушул тариф туура
+3
saparu
2021-05-10 13:12:47
Туура тариф экен
+3
saparu
2021-05-10 13:15:10
Жаны сунушталып жатканы баш айланат ушул эксперт туура айтыптыр
+3
jaskaaa
2021-05-10 13:37:24
Жакшы тариф
+2
Kurmanbek_81
2021-05-10 13:50:09
1000квт ка чейин 1сомдон, 1001-2000квт ка чейин 2,50сомдон, 2000квт өйдө 3,50 тыйындан туура тариф болот
+3
bond0202
2021-05-10 15:08:49
Kurmanbek_81,эн туура.кошулам.
+1
dark_marks
2021-05-10 15:31:55
туура, кошулам. Ошондо экономдогон адам азыраак толойт экен да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан