"Суперстандын" "Жүрөк сыры" бөлүмүнө "Күйөөсүнөн өч алыш үчүн өз баласын иттерге таштаган аял" деген аталыштагы окуя жарыяланган.
Автор: "...Күүгүм кирип келе жаткан. Аңгыча жолдун жээгиндеги чайкананын жанында токтоп турган байкемдин машинасын көрдүм. Дал өзү номеринен айныбай тааныдым. Негедир ошол чайканага тартылып туруп алдым. Балким, Сайкалды учурдан пайдаланып Макс менен тааныштыргым келди. Сайкал деле макул болду. Ичине кирип жайгашып тамак заказ кылганым менен байкем көрүнбөдү. Жөн гана парковка кылган го деп ойлоп, Сайкал экөөбүз көңүлдүү тамактанып жаттык. Бүгүнкү жолугушуубуз кечээгиден жандуураак өттү. Бир аз болсо да көнө түшкөндөйбүз. Сайкал мурун такылдаган кыз эле, эмнегедир назик кыздай көрүндү. Тамак жеп, ал ортодо кызуу талкууга кирип кетиптирбиз. Арт жагымдан байкемдин тааныш күлкүсүнөн дароо тааныдым. Бурулуп карасам эшиги жабык кабинканын оозунда бою узун, сулуу кызды белинен кучактай Макс байкем кафенин администраторуна ыраазычылыгын айтып, каткырып күлө сүйлөп жатыптыр. Алгач чочуп кеттим. Жиним келе бери бурулуп, муштумумду түйө көзүмдү жумдум. Өзүмдү араң кармап, тиги жапжаш кыз менен кучакташып чыгып кеткен байкемди жонум менен сезе Сайкалды чочутуп албоого аракет кыла араң отурдум. Эмнени сүйлөшүп жатканыбызды деле билбей калдым окшойт. Тамактанып бүткөн соң Сайкалды таксиге салып жиберип өзүм үйгө жөнөдүм. Эх, кайдан ошол кафеге кире калдым экен. Байкемдин машинасын көрө койгонумду кара, кызык айылдан келе калып эле Шерлок Холмстай болуп, өзүмө да жиним келди. Бул жөнүндө билбесем жакшы болмок. "Чужая семья темный лес" дейт эмеспи. Көз алдыма жаш баладай ишенчээк, боорукер жеңем тартыла үйгө келдим.
Короодо токтоп турган машинаны көрүп, байкемдин үйдө экенин билдим. Адаттагыдай жеңем ашканада тамагынын жытын буркуратып күйпөлөктөп жүрөт. Байкем конок үйдө диванда чалкалай телевизор көрүп жатыптыр. Менин келишимди эле күтүп жатышкан окшойт. Алдымдан чыккан жеңем дароо тамакка чакырды бизди. Дасторкондо үчөөбүз тамактанып жаттык. Бир жаман иш кылгансып башымды жерге сала отурган мага карап жеңем:
- Адик, не болду сага? Маанайың жок го? Жолугушуу ийгиликсиз болуп калдыбы?
- Жок, баары жакшы, Сайкал экөөбүз бүгүн кафеден кечинде тамактандык.
Кафенин атын айтсам, байкем мени жалт карап алганын байкадым. Жеңем кабатырлана:
- Анан эмне маанайың жок? Ооруп калган жоксуңбу? Температура жокпу?
Алаканын чекеме коюп, дене табымды текшерип жаткан жеңеме карап:
- Коюңузчу, жакшы элемин. Сиз мени ушинтип эркелетип жатып жаман көндүрдүңүз. Эми Сайкал сиздей эле болсо аны эч кимге алмаштырбайт элем.
Бул сөздөр оозумдан кандай чыкса, байкемдин көзү чанагынан ошондой чыгып кете жаздады. Өзүм да билбей калдым кантип туура эмес сүйлөп алганымды..."
Толугу менен окуу үчун бул жерди басыңыз.