SUPER.KG порталы бүтүрүүчүлөргө аз болсо дагы кесип тандоо жаатта көмөк көрсөттү максатында Кыргыз өлкөсүндөгү жогорку окуу жайларын аяктап, учурда Германия, Япония мамлекеттеринде билим алып, иштеп жаткан кыргыз жигиттерине "Кантип кесип тандоо керек? Кесип тандоодо эмнеге көңүл буруу зарыл?" деген суроолор менен кайрылып, алардын берген маалыматтарын, кеп-кеңештерин тизмектеп чыкты.
- Кесип тандоо абдан оор. Бул нерсени бүтүрүүчү жалгыз чечип коё албайт. Ошондуктан көптөгөн адамдар менен кеңешип, кесип тандоо керек деп эсептейм. Учурда дүйнөдө замандын талабына ылайык болгон кесиптерди тандоону сунуштайм. Кесип тандоодо негизи үч пунктка токтолуп кетейин. Биринчи ар бир окуучу жаштайынан бир нерсеге кызыгат, шыгы болот. Балким, бирөөсү жакшы сүйлөйт, бирөөсү математиканы жакшы билет, дагы бири информатикага кызыгат... Окуучу өзүнүн кызыккан, сүйүп жасаган сабагы аркылуу кесип тандаса болот. Экинчиси, албетте, ата-эне окуучунун эмнеге кызыгаарын байкап багыт бериш керек. Үчүнчүсү, учурда көптөгөн психологдор пайда болуп калды. Алар атайын тесттердин натыйжасында баланын эмнеге кызыгып, эмнеге шыктуу экенин көрсөтүп бере алат.
Окуучу өзү жашоодон эмнени каалашын өзү билбеши мүмкүн. Бул жерде көбү ата-энесининин таасири астында өзүнө жакпаган кесипти тандап алышат. Андыктан ата-энелерге да айтып кетет элем эч качан баланы силер өзүңөр кичинекейиңерде бир кесипке ээ боло албай калып, эми балам сен ушундай болосуң деп аны мажбурлоонун кереги жок. Себеби практикада көрүп жатабыз бала кесипти ата-энеси үчүн окуп, кийин такыр кесиби боюнча иштебеген адамдар бар. Ата-энелер таасирин азыраак көрсөтүшү керек.
Акыркы эки жылдан бери коронавирус көрсөткөндөй, адамдар бардык тармакта цифровизацияга өтүп жатат. Бул деген программисттердин кесиби дагы да актуалдуу экендигин көрсөттү. Ошондуктан ушул кесипти кеңеш берем. Себеби дүйнө мындан ары онлайн системасында иштөөнү улантат. Ал эми андан сырткары медицина тармагындагы кесиптер дайыма актуалдуулугун жоготпойт. Мисалы, Германияда программисттер менен медицина кызматкерлери абдан жетишпейт. Ошондуктан жылына башка мамлекеттерден көптөгөн ушул кесиптин ээлери келип иштеп кетишет.
Андан сырткары финансисттер, дизайнерлер жана социалдык тармактарга тиешелүү кесиптер актуалдуу. Бизде окуучу мектепти бүтөөр замат дароо университетке тапшыруу керек деген түшүнүк бар. Бул нерсе жеке менин оюмда туура эмес. Окуучу эмне кааларын, кайсы кесипке тапшыраарын билбей жатса, анда бир жыл тапшырбай коё туруп эмне жагат, эмнеге кызыгат, кайсы ишти алып кете алам деп ушуларды ойлонуп алуусу керек. Бул менимче абдан жакшы нерсе.
- Кыргыз өлкөсүндө учурда кайсы тармак өнүкпөй жатса, ошол тармакты өнүктүрө турган адистерге суроо-талап жогору деп эсептейм. Актуалдуулук тууралуу сөз болгондо айлык маянасы жогору гана адистерди айтпашыбыз керек. Эгер айлык маяна тууралуу айтканда, программисттер азыркы убакта жогорку суроо-талапка ээ. Алардын маянасы да көп, жумуш да оңой табылат.
Бирок биздин мамлекеттин экономикасы алсыз болуп жатат, инженердик, медицина тармактарыбыз алсыз. Айтор, билим берүү тармагында мыкты мугалимдер аз. Негизи кайсы гана кесип болбосун ошол кесиптин дасыккан адиси болсо, ал эч качан өзүнө болгон суроо-талаптын актуалдуулугун жоготпойт. Шыгына, каалоосуна, замандын талабын эске алуу менен кесип тандаш керек. Тандаган кесиби менен кийин иштегенде коомго, өзүнө руханий жана материалдык дагы пайда алып келиши керек.
- Кесип - адам өзүнө жаккан жумушту жасоо менен акча табуусу деп түшүнсөк болот. Эгер сиздин хоббиңиз кесибиңиз болсо, анда сиз бактылуусуз. Азыр заман өзгөрүүсү менен көптөгөн жаңы кесиптер пайда болуп, жоголуп жаткандары дагы бар эмеспи. Бирок азыркы кырдаал, кайсы бир кесиптердин маанилүүлүгүн дагы да арттырды. Өзүңүздөр байкап тургандай, медицина тармагындагы кызматкерлер, мугалим жана башка ушул тармакта иштегендер кандай учур болбосун ар дайым иш менен камсыз болуп тураары көзгө баса көрүндү.
Бирок ошол учурда тренддерди дагы унутпашыбыз керек. Заман кайсы жакты көздөй багыт алып жатса, биз дагы ошол тарапка бурулууга муктажбыз. Дүйнөнүн баарында технологиялык өзгөрүүлөр болуп жаткандыгына байланыштуу деги эле IT тармагына байланышкан кесиптердин кадыры дагы да жогорулоодо. Ушул багытта тандасаңыз адашпайсыз жана келечектүү жашоо сизди күтүп турат деп ойлойм. Азыр ааламдашуу доорунда Кыргыз өлкөсүндө туруп эле дүйнөнүн башка мамлекеттериндеги компанияда иштөө мүмкүнчүлүгүңүз бар.
Кесипти талантына, шыгына, жашоосуна жараша тандоо зарыл. Ошол эле учурда заман талабын да эске алуу керек. Кесип тандоодо чечим чыгаруу бул оңой эмес. Бирок азыр баары тез өзгөрүп жаткан заманда, улам шартка жараша ошол алган кесибибизди өзгөртүп, улам жаңылантып, квалификациябызды жогорулатып отурушубуз керек. Жаңы деңгээлге чыгып туруу дайыма талап кылынат. Негизи эле бул же тигил кесип жакшы деп айтуу кыйын. Ар бир кесип ардактуу.