Костюм-шымчан таштанды терген мэрдин милдетин аткаруучу. Борбор калаада ишкерлер шаарды таштандыдан тазалашты (фото)

Бишкек шаардык мэриясы жана ишкерлер шаарды таштандыдан тазалашты. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бүгүнкү ишембиликке шаар мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов катышты.
"Бүгүнкү ишембиликке шаар мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана "Ош базарындагы" 400 ишкер катышты. Алар "Ала-Арча" дарыясынын Айтматов көчөсүнөн баштап, Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгүн таштандыдан тазалашты", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Шаардык мэриянын басма сз кызматы тараткан сүрөттөрдөн мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун костьюм-шымчан таштанды терип жатканын көрүүгө болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ale
2021-05-10 22:12:30
Эл козуно жакшыраак корунуштун бир жолу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан