Жалал-Абадда бир нече уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды

Жалал-Абадда бир нече уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жалал-Абад ШИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылып 3-май күнү 17:00 чамасында көп кабаттуу үйдүн подъездинен баасы 20 миң сомдук Трикс үлгүсүндөгү велосипедин уурдап кетишкендигин билдирген.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 1986-жылы туулган тургуну кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү өзүнүн кылмыштуу шериктери менен биргеликте 2020-жылдын апрель айынан тартып ушул күнгө чейин бир топ батирге уурулукка кирип, мал, телефон, үй тиричилик техникаларын, унаа тетиктерин, кийим-кече, азык-түлүктөрдү уурдап жүрүшкөндүгү белгилүү болгон.

Жалпысынан келтирилген чыгым 100 миң сомдон ашуун каражатты түзгөн. Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан