7-май күнү Болгариянын борбору София шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына акыркы дүйнөлүк лицензиялык турнир болуп өттү.
Бул турнирде кыз-келиндер арасындагы 68 килограмм салмакта Олимпиадага акыркы эки жолдомо ойнотулду жана аны болгариялык Мими Христово жана Элис Манолова аттуу балбандар жеңип алышты. Муну менен аталган салмакта Олимпиадага катышчу 16 балбандын тизмеси аныкталды.
68 килограмм салмакта чүчү кулак 1-августта болот. 2-август күнү алдын-ала жана жарым финалдык беттештер орун алса, 3-августта коло байге үчүн жана финалдык беттештер болот.
Бул салмак категорияда Олимпиадага Мээрим Жуманазарова катышат. Ал жолдомону быйыл Алматы шаарында өткөн лицензиялык турнирде жеңип алган.