SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну кайрылып, 30 жылдан бери мектеп мугалимдерин гезитке мажбурлап жаздырып келгенин айтты.
Жогоруда айтылган маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматына байланышканыбызда, бир гана "Кут билим" гезити министрликке карай турганын билдиришти.
"Жогорудагы гезиттердин ичинен министрликке "Кут билим" эле карайт. Министрлик мектеп мугалимдеринин гезитке жазылуусу боюнча көрсөтмө берген эмес, гезитти жайылтуу, сатып өткөрүү сыяктуу иштерди редакция өзү жүргүзөт. Баары ыктыярдуу түрдө, мажбурлоо жок.