Ысык-Көлдө сарай миң түк чөбү менен толук күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 9-май күнү Григорьевка айылынын Давлетбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Жерине Ысык-Көл районунун №35 өрткө каршы бөлүгү тартылып, өрт көлөмдүү болгонуна байланыштуу Ананьево айылынын №33 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн кошумча бир бөлүм тартылып, жалпы 2 бөлүм иштеген.
Өрт саат 08:35те чектөөгө алынып, 11:10до толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен сарай, сеновал, кампа, 1000 түк чөп толугу менен күйүп, сарайга жакын жайгашкан кампанын чатыры күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.