Бишкектеги №36 маршруттук каттамдын кыймылы өзгөртүлдү

Бишкектеги №36 маршруттук каттамдын кыймылынын схемасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, эми автобус Жибек Жолу кең көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө Шоро компаниясына кетпей, түз эле Ауэзов көчөсүнө (Аламүдүн-1, Учкун, Тунгуч, Өскөн-Ордо) каттайт.

"Бул каттамды жакшыртуу үчүн жол кыймылынын схемасы өзгөртүлдү. Чечим ушул аймактын жашоочуларынын активдүү катышуусу менен макулдашылып кабыл алынды.

Азыр №36 автобус Ак-Өргө конушунан Ауэзов көчөсүнө чейин жүрөт, Осмонкул көчөсүндөгү "Шоро" компаниясына каттабайт", - деп жазылат маалыматта.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан