Футбол боюнча Испания чемпиондугунун (Ла Лига) 35-турдук оюнундагы каталондук "Барселона" клубу менен "Атлетико Мадрид" командасынын ортосундагы беттеште Луис Суарес менен Жерар Пике айтыша кетти. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Андагы эпизоддо Суарес "Барселонанын" дарбазачысы Тер Стеген менен кагылышып, жыгылгандан кийин пенальти талап кылган. Ага Тер Стеген "Мен колум менен ойнодум, эгер бутум тийип жыгылганыңда айтсаң болмок" деген.
Ал ортодо ортого коргоочу Жерар Пике аралашкан. Ал Суареске "Эй семиз, бардыгы жайында. Чуркап ойно" деп айткан.
Оюн Барселона шаарындагы "Камп Ноу" стадионунда өтүп, 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.
Луис Суарес "Атлетико Мадрид" клубуна "Барселонадан" былтыр сентябрь айында өткөн.