"Токио-2020": Айпери Медет кызынын Олимпиададагы бардык атаандаштары аныкталды

6-майда Болгариянын борбору София шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу боюнча акыркы дүйнөлүк лицензиялык турнир старт алып, 9-майда жыйынтыкталды.

Анда кыз-келиндер боюнча 76 килограмм салмактагы акыркы эки жолдомону украиналык жана түркиялык балбан кыздар жеңип алышты. Муну менен аталган салмак категорияда Олимпиадада байге үчүн ат салыша турган бардык 16 балбандын тизмеси аныкталды.

Бул салмак категорияда чүчү кулак 30-июлда болсо, 1-августта алдын ала жана жарым финалдык, 2-август күнү коло байге жана финалдык беттештер болот.

76 килограмм салмакта Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан Айпери Медет кызы катышат. Ал жолдомону быйыл Алматы шаарында өткөн лицензиялык турнирде жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан