Бишкекте алдамчылыкка шектелип 54 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 22-февраль күнү Ленин райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш аял арыз ээсинин ишенимине кирип, 2014-жылы Чүйдүн аймагынан 4 жер тилкесин алып берем деп 9 миң 200 долларын алып, убадасын аткарбай качып кеткенин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1967-жылы туулган аял кармалып, СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Мындан сырткары, Ленин РИИБине шектүү аялдын үстүнөн дагы 4 жарандан арыз келип түшкөн, учурда келтирилген чыгымдар такталууда. Бүгүнкү күндө иликтөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.