Ырчы Асел Кадырбекова ага коркутуулар болуп жатканын айтты

Ырчы Асел Кадырбекованы кимдир-бирөө коркутуп жатканын ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыкты.

"Эгер апам экөөбүзгө бир нерсе болсо менин жакындарым кимди күнөөлөштү билет. Мени коркутуп жатышат. Бирок бул адамдан мындайды күтүүгө да болот болчу. Менде аудио жазуулар, телефон чалуулар диктофонго сакталган. Эгер дагы да коркутуу болсо, анда аларды ачыкка чыгарам. Эгер бул жакка чыгарганга мүмкүн болбой калса, анда журналисттерге берем. Мен азыр дагы калыбыма келүү абалындамын, бирок ал мени ачуулантып жатат. Дарыгерлер мага ден соолугуң тезирээк калыбына келиш үчүн эч качан нерв болбош керектигин айтышкан. Бирок ал адам ушуну каалап жатат", - деп жазды ырчы.

Ал эми SUPER.KG порталы ырчыга байланышканыбызда, коркутуулар болуп жатканын тастыктап, бирок азырынча ал адам ким экенин айтпай турганын билдирди.

Буга чейин ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын эки ажырым жолго түшкөнү интернет желесине тараган. Мындай кептердин тарашына Асел Кадырбекованын Инстаграм баракчасындагы катталуучунун "ажырашып кеттиңиздерби?" деген суроосуна жазылган жообу себеп болгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
zhazgul98
2021-05-10 17:52:05
Табышмак кылбай окуяны толук айтпайсынбы. Жарым жартылай жазып, озунчо эле табышмак кыла бербей.
+13
nazira...
2021-05-10 18:14:22
Дагы.баштадыбы, тынчып калды эле го бу кыз.
-7
Mr.altynbek
2021-05-10 18:44:48
Биркун Анжелика жомок айтат экинчи Кун аселика айтат
+8
ErkinOkenovich
2021-05-10 19:06:04
Достор силерге негизи кандай жаңылыктарды жазышы керек өзү?тигини жазса деле,муну жазса деле ушулардыкы өттү,башталды деп жазасыңар.эгер жакпаса окубай койгула же комментарий жазбай койгула.катуу тийсе кечиргиле !
+3
Shabi
2021-05-10 19:34:12
ErkinOkenovich,Ошо десен,жакпаса тажатса эмнеге карап,кирип алып ушулар тажатты деп комент жазып убактысын кетирет дейм да.жакпайбы тажаттыбы окубай отуп кет ошондо кутуласын.анан убакыт коротуп жакпай тажатты деп наалыбай
+2
aerforce
2021-05-10 19:52:44
Ырчын баары эле коркутуп жатат эгер бирдеме болсом туугандарым айтат деген кобойуп кеттиго откондо Бактыгул Бадыева даагы бир экоосу айтып жатты эле черный пияр эле окшойт
+6
Dembele84
2021-05-10 20:57:10
Ваай эмне болду десен,эми кантип уктайм,сыр кылган адамын качан айтат экен деп чыдамсыздык менен кутом)))))
-5
ErkinOkenovich
2021-05-10 21:17:09
Dembele84, Ассаламу алейкум?сиз Аселдин сырдуу адамын күтпөй,битир,садаканы жана айт намазга барышты кутконунуз оң болот окшойт.бироонун жашоосуна байланбай,өз жашообузга камданалы мекендеш
+2
nazira...
2021-05-10 22:11:16
ErkinOkenovich, сен Асел окшойсун, дагы не дейсин? Элдин оозун тыя влбайсын, калк айтса да калп айтпайт.
-1
ErkinOkenovich
2021-05-11 07:57:17
nazira...,кечиресиз!мен сизге окшогон Кыргызстандын жаранымын.мен Аселди коргоп жаткан жокмун.жон гана бул жакта терс комментарий жазгандарга оюмду жаздым.
+1
Nur777
2021-05-10 21:49:31
Тажиктер коркутуп атыппы?
+5
nursiyanur
2021-05-10 23:08:38
Нурлан акАм коркутуп жатса керекда
+2
Pankration_MMA
2021-05-11 01:33:24
Артисттин жашоосу жашоо эместа.
0
Zarema11
2021-05-11 02:46:55
Жаман эле комент жазыпсыңар го. Балким көйгөйү татаалдыр. Бир гана ушул маалымат калтыруу менен коргонуп жаткандыр. Азыркы тапта адамдын колунан баар жок келет. Алсыз аялды өлтүрүп, көмуңүп, үр токмоео алып дегендей. Алсыз акылдуулар көбөйүп баратат. Жараткан өзү коргосун ар бир инсанды. Дөөдүр коркуткан кем акылдарга туура жаңолду көрсөтө көр Жаратканым.
+2
Alinur96kg
2021-05-11 03:47:19
Коркутуулар болуп атса,далилдерин бар болсо элге жарыя кылбай милицияга кабарлагыла да.Бизден эмне,бирибизден жакшы соз чыгат,бирибизден жаман соз чыгат.Уйунрго барып эч ким кароол болуп кайтарып отурбайт ко.Же жон эле пиар кылып атасынарбы?Эртен эле аты сыр бойдон калсын,кечирдим деп жазсанар тан калычтуу эмес.
+4
AykaMer
2021-05-11 11:16:48
Ушундайларды окусам эле КР да бандиттер точнее индийский бандиттер көбөйүп кеткендей го...Коркута турган бандиттер да гырт бекерчи экен да, келип келип артисттерди да коркутабы?! Анжелика, Айчүрөк эже,эми Асель...тообо тообо... Бандит болсоңор серьёзный бандит болгулачы, чоңураак,байыраак адамдын артынан кууп... Артисттердин ырынан,чырайынан башка эмнеси бар?!
+1
Yahoo
2021-05-11 20:27:09
Ушул артистерге ващще тан калам, коркутуп жатса милицияга арз менен кайрылатта, олтуруп кеткенче кутуп отурбай.Андан да ким экени сыр калсын деп коёт.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан