Чемпиондор Лигасынын финалына чыккан англиялык клубдар "Манчестер Сити" жана "Челси" командаларынын оюнчулары ала турган сый акынын баасы белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Андагы маалыматка караганда, лондондук "Челси" өзүнүн оюнчуларына жарым финалда "Реал Мадриддин" үстүнөн жеңишке жеткендиги үчүн 5 миллион евродон төлөп берет. Эгерде трофейди жеңип алса, анда 10 миллион евродон сый акы алышы мүмкүн.
Ал эми "Манчестер Сити" командасында сый акы берүү схемасы бир аз айырмаланат. Анда ар бир оюнчу менен келишим түзүп жатканда жекече сүйлөшүү жолу менен макулдашылган. Белгилүү болгондой, клубдун башкы жылдыздары эгерде трофейди жеңип алса, анда аларга болжолдуу түрдө 1 миллион евро төлөнүп берилет.
Ал эми жигердүү оюн көрсөткөн башка футболчулар 600 миң евродон алса, башкалары андан азыраак алат. Эгерде бул сумманы жалпылап эсептегенде, команда 17 миллион 300 миң евро алат.