Базарбай Мусабеков Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган фонддун сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, ал аталган кызматка премьер-министр Улукбек Мариповдун 2021-жылдын 30-апрелиндеги буйругуна ылайык дайындалган.
Буга чейин бул кызматты Каныбек Айдаров аркалап келген.