Индияда кыз болочок күйөөсү көбөйтүү жадыбалын билбегендиги үчүн ага турмушка чыгуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Андагы маалыматка караганда, үйлөнүү үлпөт тою өтүп жаткан маалда кыз болочок жолдошун 1ден 9га чейинки санды 2ге көбөйтүүсүн өтүнгөн. Болочок жолдошу көбөйтө албагандыгына байланыштуу кыз ага турмушка чыгуудан баш тарткан.
Кыздын туугандары болочок күйөөнүн туугандары анын билими тууралуу чындыкты жашырышкан, балким, орто мектепти дагы бүткөн эмес деген божомолун айтып, кыздын чечимин туура жана сыйга татыйт деп баалашкан.
Эки тарап тойго чейин бири-бирине берген баалуу белектерин кайтарып берүүнү макулдашкан.