АКШ Ооганстандагы аскердик техникасынын бир бөлүгүн жок кылат

АКШ Ооганстандагы аскердик техникасынын бир бөлүгүн жок кылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, АКШ бийлиги техникалардын бир бөлүгүн: жашыруун курал-жарактарды өлкөгө чыгарып кетүү чечимин чыгарган. Ал эми тик учак, транспорт каражаттары, курал-жарак жана ок-дарылардын бир бөлүгү Афган бийлигине өткөрүлүп берилет. Аскердик техникалардын калган бөлүгү террорчулардын колуна тийип калбашы үчүн жок кылынат.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө аскердик техниканын 1300 бирдиги жок кылынган.

АКШнын жана НАТО аскердик блогунун күчтөрүнүн Ооганстандан чыгарылуусу расмий түрдө 1-майда башталган. Бул чечимди АКШ президенти Жо Байден "АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн күчтөрү туруктуу афган бийлигин түзө албайт" деп түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
NURSAPAR
2021-05-11 09:46:28
Байден ака бизге бере көр, өзүбүз жууп тазалап алабыз.
+5
Tatu_8889
2021-05-11 12:56:40
Тажикстанга кочуром дебесен болду.наркомандар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан