АКШ Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жаңжалы бүтө электигин айтып чыкты

АКШ Тажикстандын кол салуусунан улам курчуп кеткен Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Жонатан Хеник билдиргенин РИА Новости басылмасы жазды.

"Биз эки өлкөнүн башчылары менен түздөн-түз байланыштабыз. Биз чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүнү колдоону сунуш кылдык. Эң башкысы, биз мындай нерселер экинчи кайталанбашы үчүн өлкө башчыларын жоопкерчиликти алып, шарт түзүүгө умтулууга чакырдык.

Биз, албетте, бул кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп жатабыз жана эки өлкөнүн лидерлери жетишилген ок атышпоо келишимин бузбагандыгы бизди кубандырат. Ошол эле учурда кырдаал толук жөнгө салынды деп кабыл ала албайбыз. Андай эмес", - деп эки тарапта тең качкындар жана жер которгон адамдар бар экендигин белгилеген Хеник.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, Тажикстандын кыргыз тарапка кол салуусунан улам Кыргыз өлкөсүнөн 189 адам жаракат алып, 36 адам каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Jaraisyn
2021-05-11 10:35:33
Аралашпаган АКШ калды эле, өзү мусулман өлкөлөрүндөгү илгертеден келе жаткан согуш апааты ушул державалардын эле планы болуп атат. Булардын максаты мусулмандарды көбөйтпөш керек, мүмкүн болсо басынтып жок кылып жибериш керек.
+11
zhazgul98
2021-05-11 10:46:12
Кыргызстанга АКШдай кубаттуу өлкө керек. Америка Кошмо Штаттары дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн эбегейсиз артыкчылыктары бар улуу держава. Азыр АКШ менен тыгыз байланышы бар өлкөлөр тез өнүгүп кетишкен.
-6
R_u_S
2021-05-11 10:52:11
zhazgul98,Жогору жакта Россияны мактап болунбошубуз керек деп жатат эленго
+11
zilish_kg
2021-05-11 18:53:39
R_u_S,)))
+1
zilish_kg
2021-05-11 18:57:43
zhazgul98,Россия эмне болот анда?))) Кыргызстанга АКШдай кубаттуу өлкө керек эмес, Кыргызстан АКШдай кубаттуу өлкө болуш керек деп жазсаң ушул сөзгө мен эмес баары кошулат ошого аракет кылуу керек, көч бара бара түзүлөт.
+2
Rifle_I
2021-05-11 14:54:05
Тарыхта Американын колониясында болгон өлкөлөр өнүгүп, СССРдин карамагында болгондор артта калган. КНДР менен Южная Корея.
+5
Mister-XXX
2021-05-11 19:19:02
Rifle_I,Африка коп жылдан бери Америка менен Англиянын кол алдында болгон.Африка онугуп кеткен жок.Ал эми Корея мамлекеттеринде абал башка.Туштук Корея озүнүн аракети менен өнүгүп кеткен.Корея эли ар колундагы болгон тыйынын өкмөткө тапшырган.Бирок өкмөт 5 жылда өнүктүрөм деп,убадасына турган.Бизде өкмөт антпей жатпайбы.
0
Mubarak
2021-05-11 16:11:27
Туураа айтат бутолек.качан жер суу маселеси чечтлет анан токтойт чондор тезирек дем дек иштерин бутургуло
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан