Тагдыр ар бир адамга ар түрдүү сыноо берет. Ал сыноону көтөрүү эбегейсиз эркти, сабырдуулукту талап кылары анык. Ар бир адамдын тагдыры өзүнчө анан дагы өзгөчө болот эмеспи. Тагдыр бирөө, демек, Жер шарында канча адам болсо ошончо тагдыр бар дегендик.
SUPER.KG порталы тагдырдын оор сыноосуна кабылган адамдардын жашоосу менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз 69 жаштагы Кереметкан Токтосунова Ош облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жоо-Алма айылында өзбек улутундагы адамдын мал сарайында 16 жылдан бери тар бөлмөдө өмүр кечирип келет. Ал жалгыз эмес, жанында эриш-аркак болор үч баласы бар. Тагдырдын оор сыноосу эки баласынын ден соолугун дагы аяган эмес, тагыраагы, эки уулу 2-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген.
Кереметкан апага байланышканыбызда кызы Арзыкан Токтосунова жанында болгондуктан апасынын жашоосу тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Биз беш бир тууганбыз. Улуу агабызды таякебиз багып алган. Төрт бир тууган чоңойдук. Бул мал сарайдын бир бөлмөсүндө жашаганыбызга 16 жылдын жүзү болуп калды.
Апам паспорт алганына 5-6 ай гана болду. Бир иним экөөбүздүн паспортубуз даярдалып жатат. Ал эми эки инимдин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок.
Ушул убакка чейин мамлекеттен эч кандай жардам алган эмеспиз. Инилерим бирөөлөрдүн малын багып, күнүмдүк иштерде иштеп апамды багып келишет.
Инилерим үйлөнгөн эмес. Бир бөлмөлүү мал сарайда жашаган болсок, бизге ким кызын бермек эле. Анын үстүнө алар 2-топтогу майып. Эки инимдин ден соолугу начар, каражат жоктугунан дарылата алган эмеспиз. Эң кичүү иним 23 жашта, ден соолугу жакшы. Ал мектепти 1-2-класска чейин окуп, андан кийин окубай калган. Кийим-кече алып бере албай, кыскасы шарт жок окубай калды. Атам 2002-жылы каза болуп калган. Тагдырыбыз ушундай болуп калды.
Мен турмушка чыккам, үй-бүлөм менен Жалал-Абадда турам. Апамды көргөнгө келгем", - деди Арзыкан Токтосунова.
Кереметкан апанын таза, жарык үйдө балдары менен өмүр кечирүүнү кааларын айтып өттү.
"Эл катары бактылуу болуп, бир үйгө жетсем. Балдарым менен таптаза үйдө өмүр кечирсем..." деди Кереметкан апа.