Кечээ, 10-май күнү Чүй облусундагы көлмөдөн белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 16:20да Чүй айылынын 4-ГУРТ тилкесиндеги көлмөдө болжол менен 45-50 жаштагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылган.
Жерине ӨКМнын куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.