Чүйдө эки жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 1 адам жабыркады

Чүй облусунун Кемин районунда эки жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 10-май күнү саат 09:53 чамасында Кичи-Кемин айылынын Бектенов көчөсүндө Mercedes Benz Sprinter менен Ауди C4 үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

"Кырсыктын кесепетинен 1958-жылы туулган жаран жеңил жаракат алган. Окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары жеткенге чейин жабыркаган жаран "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан