
Европанын бир катар өлкөлөрүндө коронавирус илдетинин кесепетинен киргизилген чектөөлөр акырындык менен алынууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Чехияда коронавирус илдетинин кесепетинен киргизилген чектөөлөр акырындык менен алынууда. Алгач окуучулар мектепте кадимки режимде окуп башташты, айрым дүкөндөр ачылды. Дүйшөмбүдөн баштап бардык соода түйүндөрү, сулуулук салондору, ал тургай туристтик агенттиктер өз ишин жандантты.
Көчөгө бет капсыз чыгууга уруксат берилген. Бир гана эл көп чогулган жерлерде (аялдамаларда, кезек күтүүдө) гана тагынуу талап кылынат. Ал эми ресторандар менен кафелер план боюнча май айынын ортосунан баштап конокторду кабыл алышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, Чехиянын миллиондон ашуун жараны коронавируска каршы толук эмдөөдөн өткөн.
"Ошондой эле Испания өлкөсүндө да эпидемиологиялык кырдаал жакшырууда. Дем алыш күндөрү жүздөгөн адамдар изоляциянын алты айлыгынын аякташын белгилешти. Өтө катуу - бийлик тынчсыздануу менен белгилеп, калкты жоопкерчиликтүү болууга үндөдү.
Бельгияда дагы коменданттык саат алынды. Брюсселдеги борбордук аянттардын биринде шаар тургундарынын калың тобу пайда болду. Бирок алар иш-чараны белгилөөдө аралыкты сактоо эрежелерин эске алышкан эмес", - деп жазылат маалыматта.