Биз социалдык тармакта

Милиция коомчулуктан жардам сурайт. Чүйдө 49 жаштагы жаран дайынсыз болуп изделүүдө

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 1972-жылы туулган Бактыгул Саякбаев аттуу жаран дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 24-апрель күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып кайра келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 160-170 сантиметр, арык чырай, көздөрү күрөң, чачы кара.

Кийген кийими: ак-кара сызыктары бар футболка, көк түстөгү спорттук шым, көк түстөгү бут кийим.

Милиция сүрөттөгү жаранды табууга коомчулуктан жардам сурайт: 0(312) 61-69-07, 0(708) 10-21-10.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан