Пашинянды Армениянын премьер-министри кызматына экинчи жолу шайлашкан жок

10-майдагы жыйында Армения парламентинин депутаттары экинчи жолу премьер-министрдин кызмат ордуна жалгыз талапкер Никол Пашинянды шайлаган жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, республиканын конституциясына ылайык, эгер парламент премьер-министрди эки жолу катары менен шайлабаса, анда ал таркатылышы керек. Биринчи добуш берүү 3-майда өткөн, анда да Пашинян премьер-министрлик кызматка шайлануу үчүн жетиштүү добуш топтой алган эмес.

Буга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 20-июнда өтөт. "Менин кадамым" фракциясынын башчысы Лилит Макунц 10-майда улуттук ассамблеянын отурумунда Пашиняндын талапкерлиги көрсөтүлгөнүн жарыялаган. 25-апрелде Пашинян мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн Армениянын премьер-министри кызматынан кеткен. Андан кийин өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhunusali
2021-05-11 12:11:32
Биздин парламент Оло тала шайлашмак ,креслолрунан ажырап калбоо учун.Аларды Мамлекеттик келечеги кызыктырбайт эч качан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан