ОИИБ: "Таласта кыз ала качуу боюнча келип түшкөн билдирүү тастыкталган жок"

Талас облусунда кыз ала качуу боюнча арыз түшүп, жыйынтыгында аталган факты тастыкталган эмес. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-май күнү Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө 2002-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Анда алардын үйүндө убактылуу жүргөн өзү менен тең бөлөсүн бир жигит Жалал-Абад шаарына ала качып кетти деп жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-беренеси "адамды никеге туруу максатында уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, текшерүү учурунда кыз жигит менен жолугуп ошондон бери кыздын телефону өчүрүлүп, байланышка чыкпай жаткандыгы аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кызды салып кеткен Тойота-Авенсис үлгүсүндөгү унаа экендиги такталган. Унааны жана кызды издеп табуу максатында бардыгы 20га жакын кызматкер жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери атайын план түзүшүп, бардык ички иштер органдарына багыттамаларды жөнөтүшкөн.

Алар көп убакыт өтпөй ошол эле түнү Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынан кармалышкан. Унаада кыз жана аны ала качты делген жигит жанында эки досу менен кармалышкан. Иликтөө учурунда “ала качылды” делген кыз аман-эсен табылып анын ден соолугуна жана эркиндигине эч ким кол салган эместиги жана ала качуу фактысы болгон эместиги аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1998-жылы туулган тургуну кыз менен мурунтан бери Бишкек шаарынан сүйлөшүп, кыз-жигит болуп жүрүшкөн. Кызды келин кылып алабыз деп ата-энелери макулдашып кеткендиги аныкталган. Бирок макулдашкан убакыттан эрте эле жигит атайын Талас шаарынан аны алып кеткени келгенин айткан. Аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Талас облустук милициядан.

Милиция: "Таласта кыз ала качкан факты тастыкталган жок"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан