Чүйдүн Жайыл районунда эки эркек киши спирт ичимдигин ичип отуруп, бири экинчисине бычак сайды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-май күнү эки эркек киши Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги гаражда спирт ичимдигин ичип отурушкан.
Ортодо чыр чыгып, 58 жаштагы жаран 38 жаштагы кишини бычак менен бир нече жолу сайып салган. Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштеринде шектүү кармалып, Жайыл РИИБинин тергөө камак жайына киргизилген. Учурда тергөө жүрүүдө.