Ооганстанда автобустун жарылуусунан кеминде 16 адам каза болуп, дагы бир нече адам жаракат алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя өлкөнүн түштүгүндөгү Забуль провинциясындагы Шахр-э-Сафа районунда болгон. Ошол эле учурда жергиликтүү маалымат каражаттарынын дагы бир булагы автобуста 25 адам болгон деп ырастоодо. Алдын ала маалымат боюнча, алардын бардыгы каза болушу мүмкүн.
Буга чейин 9-майда Ооганстандын борбору Кабул шаарынын батыш тарабындагы мектептин жанындагы жардыруулардан кеминде 55 адам каза болгондугу белгилүү болгон.