ИИМ: "Ата-энелер, көп кабаттуу үйдүн терезесинде ойногон балдарга сак болгула!"

Көп кабаттуу үйлөрдүн терезелеринин жанында ойногон балдарга ата-энелер өтө сак болушу керек. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Урматтуу ата-энелер жана балдарды карап жаткан жарандар! Күн жылыганына байланыштуу бардыгыбыз терезелерди ачып жатабыз. Бул кичинекей балдарыбыз үчүн кооптуу болушу ыктымал. Жыл сайын жайында көп кабаттуу үйлөрдүн терезелеринин ачык болушунан балдарыбыз кулап кеткен каргашалуу окуялар кездешет. Коопсуздук чараларын сактоо кырсыкты алдын алат. Көп учурда кичинекей балдар чоңдордун көзөмөлү жок учурда терезелерден кулап кетүүдө.

Ошондуктан балдарды кароосуз таштабагыла, өзгөчө терезе тарапта ойноп жатканда. Терезеге коюлган торлор дагы кырсыкты алдын ала албайт. Урматтуу ата-энелер жана балдарды карап жаткан жарандар, балдарыңыздар ар дайым сиздердин көзөмөлүңүздөрдө болушу кажет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан