Бүгүн, 11-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 372 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 11-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 372 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 1 миң 202 метр куб, агып чыгышы 300 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 10-майда суу сактагычта 9 миллиард 295 миллион метр куб суу бар болчу.