Ысык-Атада жеңил унааны уурдай качканга шектелип, мурда соттолгон жаран кармалды

Ысык-Ата районунда жеңил унааны уурдай качканга шектелип, мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-май күнү Ысык-Ата РИИБине Кант шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 10-май күнү анын Фольсваген Гольф-3 үлгүсүндөгү унаасын Новопокровка айылындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз бирөө айдап кеткенин билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жогорудагы кылмыштын бетин ачуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш амалдары жүргүзүлүп, шектүү катары мурда соттолгон 1993-жылы туулган Г.Е. аттуу жаран кармалган.

Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, уурдалган автоунаа табылып, айып короосуна токтотулган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан