Татарстанда 12-май аза күтүү күнү деп жарыяланды

Татарстандын бийлиги Казань мектебиндеги ок атуудан кийин 12-майды аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Республиканын президентинин чечими менен Татарстанда 12-май аза күтүү күнү деп жарыяланды", - деп айтылат маалыматта.

Татарстандын балдардын республикалык клиникалык ооруканасы 18 баланы кабыл алды, алардын алтоосу оор абалда.

"Жалпысынан 18 бала кабыл алынды. Алардын алтоо өтө оор, операциялар жүрүп жатат. Калгандары жаракат, сынык жана көгөргөн жаракаттарды дарыгерлер текшерүүдөн өткөрүшөт", - деп айтылат облустук Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан