СУПЕРСТАН: "Күйөөмдү сүйгөнүнөн ажыратып, өзүмдү кылмышкер сезип жатам"

"Суперстандын" "Жүрөк сыры" бөлүмүнө "Күйөөмдү сүйгөнүнөн ажыратып, өзүмдү кылмышкер сезип жатам" деген аталыштагы окуя жарыяланган.

Автор: "Күйөөм мени төрт балам менен эч нерседен кем кылбай багып келет .Чүрпөлөрүм али кичине. Мен убактылуу үй кожойкесимин. Күйөөм экөөбүз ынтымактуу жашаганыбыз менен, ал бир келинди сүйүп калгандыгын жашырбай эле айтып келет. Эгерде мен уруксат берсем экинчи кылып алгысы бар. Мен кайдан уруксат бермек элем. Каршы болдум. Кайненем, кайын сиңдилерим да каршы болушту. Ошентип күйөөмдү сүйгөнүнөн ажыраттым. Азыр күйөөм анысы менен жолугабы билбейм. Бирок күйөөмдүн ичинен сызып, аны эстеп, аттиң кылганын көрүп өзүмдү коёрго жер таппай кетем. Бир оюм "бекер кылдымбы жайына койбой" десе, бир оюм "балдарымдын, өзүмдүн бактым үчүн күрөштүм" дейт. Достор мен күйөөмдү сүйгөнүнөн ажыратып туура кылдымбы? Кээде өзүмдү кылмышкердей сезип кетчү болдум".

Пикирлер: "Сен кимсиң уруксат бербегидей? 4 балаң менен жакшы багып атыптыр, экинчисин алганы сен, жана сенин тууган уругуңдуң уруксаты кереги жок. Аны күйөөң өзү чечет, азыр жолугуп башка кылса дагы күйөөң өзү жооп берет, сен жооп бербейсиң ага";

"Башында эле каршы болуп туура кылыптырсың. Антпесе эки аял менен жашагандан кийин балдарга да залакасы тиет. Андай сүйүүлөр боло берет жана болуп келген. Балдарга үлгү болот ата-эне";

"Кетем деген эркек кетет, аны токтотуш кыйын. Ал келинди үй-бүлөсүнөн да артык көрсө , кош бол деп узатып жибериңиз. Сүйүү, ынтымак жок үй-бүлө жок".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Noon
2021-05-12 10:51:23
Сен кимсин дейт го). Балдарынын апасы. Уруксаат бербей койгонго анын да акысы бар. Суйуп калса чыгып кетсин да тантырабай. Торт баласы менен чуйууго балээ барбы. Чуйбой .....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан