Индияда коронавируска каршы уйдун заңы колдонулууда

Коронавирус күчөп жаткан Индияда адамдар коронавирус инфекциясын алдын алуу жана дарылоо үчүн уйдун заңын колдонушууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү коронавируска каршы иммунитетти көтөрүп, калыбына келүүсүнө жардам берет деген үмүт менен жумасына бир жолу денесине уйдун заңын жана заарасын сүйкөп жатышат.

Индияда уй жашоонун жана жердин ыйык символу болуп саналат жана индиялыктар кылымдар бою уйдун заңын үйлөрүн тазалоо, сыйынуу жөрөлгөлөрүнө колдонуп келишкен. Алар уйдун заңын айыктыруучу жана антисептикалык касиетке ээ деп эсептешет.

Индия коронавирус катталган өлкөлөрдүн ичинен дүйнөдө АКШдан кийин экинчи орунда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Ali-han
2021-05-11 17:29:37
Уу коргошун ичкендей эле болсо керек)
+15
nargiz-sa
2021-05-11 18:00:57
Оо кудай биздики ит болду десек "беттерлер" бар турбайбы. Биздикинин популярдуулугу түшүп кетти
+13
nazira...
2021-05-11 18:05:03
Анан канча күн сасып жүрүшөт экен. Тооба.
+6
Rifle_I
2021-05-11 18:09:26
Биздин министиди ошол жакка жиберели, барып үйрөнүп келсин.
+5
JaneEr
2021-05-11 19:15:29
Уйдун тезеги айыктырбай эле кайра вирус,микроб.Жин-шайтандар уйдун тезегинде толтура.
+4
make2
2021-05-11 19:35:51
Алар деле бизди шылдындап жатат, биздин ата бабалар уу коргошунду даары деп келсе алар уйду ыйык деп келген
+3
Kadyrova_
2021-05-11 19:56:06
Алланын улуу ыйык рамазан айындад тыйылбадык бироолорду сындап каралоодон.Аллам озу кечирсин пенделерин.
+1
Afrodita1993
2021-05-11 20:30:38
Уй ошончо ыйык болсо тезегин деле жеешсе керек
+1
nazira...
2021-05-11 21:11:52
Сындагандардын жакындары же өзү ковид менен ооруп уу коргошун ичип анан жакшы болгондо токтотот сынын, ага чейин асмандан түшкөндөй болуп, иштеп жаткан адамга сын айтканы айткан. Конечно кудай сактасын. Туугандар ажобузга колубуздан келишинче жардамдашып, жок дегенде түшүнүп жакшы сөз жазып, көмөктөшөлүчү, өлкөбүз өнүгүп кетсе ажеп эмес.
+3
Nursul
2021-05-11 21:55:43
Биротоло уйдун заңы чыккан жерине кирип албайбы бизге эмне
+2
Nursul
2021-05-11 22:02:04
Уу коргошунду сөз кылып жаткандар биринчи колдонгонду туура колдонсок жакшы эле жыйынтыгы бар азыркы химикат дарыларга караганда мен колдонгон эмесмин бирок колдонгондорду көрүп жүрөм
+2
CHingiz90
2021-05-11 23:55:07
Э Аллахым динсиз болсо ушу да
0
adilbars
2021-05-12 00:50:38
Бул оору боктон башканын баарын колдонтту эле, эми кезек ага да жетиптир
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан