Ишкерден 20 миң доллар акча талап кылган деп шектелип "Дөө Чыңгыздын" уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Опузалап акча талап кылуу фактысы менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 10-май күнү УКМК тарабынан "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүнүн атынан иш алып барып жүргөн топ аныкталган. Анда аталган топтун мүчөсү И.Р. жеке ишкерден 20 миң доллар талап кылып алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган шектүү УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда уюштуруучуларын жана башка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zumrudianka
2021-05-11 18:08:23
Оной арам тамак коркутуп ондургучо олуп эле албайсынбы эркек башын менен, ишке жарабай оорукчан же инвалид болсон бир жон. Кара жерге кир маймыл арам акча мн жаныны уйбулоону баккыча асынып ол
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан