"Евро-2020": Ильзат Ахметов Орусия курамасына чакырылган жок

Башкы машыктыруучу Станислав Черчесов баштаган футбол боюнча Орусия курама командасынын машыктыруучулар штабы "Евро-2020" турнирине даярданууга чакырыла турган оюнчулардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.

Учурда чакырыла турчу 30 футболчунун тизмеси жарыяланган. Алардын ичине Кырыз өлкөсүндө төрөлгөн Ильзат Ахметов кирген эмес. Акыркы тизмеге 26 оюнчу кирет.

Ошол эле учурда курамга кириши мүмкүн болгон 7 футболчунун тизмеси дагы жарыяланган. Тилекке каршы, алардын арасында дагы Ахметов жок.

Футбол боюнча Европа чемпиондугу 2020-жылдын жайында өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынын улам 2021-жылга жылдырылган. Турнир учурда Европанын 12 шаарында өтүшү керек экендиги белгилүү. Бирок УЕФА уюму эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу алардын саны азайышы мүмкүн экендигин жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Asmat84
2021-05-12 08:09:03
Орустарын жаман айныды
-6
EddieNigma
2021-05-12 09:00:23
Asmat84,бул Ахметовун айнып калган. Ар бир оюнда атаандаштарын сындыра берип.
+5
uz.nookat
2021-05-12 08:27:48
Рас болуптур
+8
uz.nookat
2021-05-12 08:28:27
Кыргызстан башына которот эле кадырыны билбедин сен
+9
KBD1987
2021-05-12 08:44:24
Туура эле болгон, оз уйундо ойногусу келбей башка уйду тандаса, алар жыл деп коюптурда.
+10
kanybek1986
2021-05-12 08:53:41
Кыргызстанда ойногондо жылдыз болот эле Эми келип ойносо болобу
+2
IOA
2021-05-12 11:13:08
Ошондон нары жоголсун
+3
Dembele84
2021-05-12 13:44:56
Ахмедовко окшогон футболисттер тыгылып жатат орустарда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан