Садыр Жапаров Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия региону боюнча вице-президенти менен кызматташуу келечегин талкуулады

Бүгүн, 11-майда президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз мамлекетин өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жана Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун стратегиялык багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы ата мекендик экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууда Дүйнөлүк банктын олуттуу колдоосун баса белгиледи.

Өлкөнүн инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда жемиштүү кызматташуу болгонун канааттануу менен айтты. Президент стратегиялык максаттарды жана алдыдагы реформаларды ишке ашырууда өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу Кыргыз мамлекети үчүн өтө маанилүү экендигине токтолду.

Садыр Жапаров экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча Министрлер кабинетинин алдына коюлган максаттар тууралуу айтып берди. Ал үчүн инвестициялардын агымын көбөйтүү, экспорттун көлөмүн жогорулатуу, өлкөнүн обочолонушуна жана азык-түлүк товарларынын бааларынын өсүшүнө жол бербөө сыяктуу бир катар долбоорлорду ишке ашыруу керек.

Президенттин айтымында, фискалдык, транспорттук-логистикалык, ошондой эле тышкы соода саясатын өнүктүрүүнү камтуу менен экономикалык реформаларды жүргүзүү пландаштырылууда.

"Орто мөөнөттүү мезгилдеги экономиканын негизги артыкчылыктуу тармактары энергетика, айыл чарбасы, жер казынасын пайдалануу жана туризм болуп эсептелет. Ошондой эле келечектүү багыттардын бири "билим экономикасынын креативдүү экономиканын" өнүгүүсүн камсыз кылуу зарыл", - деп айтты мамлекет башчысы.

Мындан сырткары саламаттыкты сактоо системасын, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, өлкө калкынын бардык топтору үчүн жашоо сапатынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлигин камсыз кылуу боюнча жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурула турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк банкка көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, энергетика, транспорттук-логистикалык инфратүзүм, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарбасы, туризм тармактарында, ошондой эле Баткен облусун калыбына келтирүү иштеринде мындан ары да жигердүү кызматташууга даяр экенин билдирди.

Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде Банк тарабынан коронавирус пандемиясынын экономикага тийгизген кесепеттерин жоюуга колдоо көрсөтүлөрүн маалымдады.

Ошондой эле Кыргыз жарандарын массалык эмдөө планын колдой турганын билдирип, жакынкы айларда Дүйнөлүк банк Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жактырылган коронавируска каршы вакциналарды сатып алууга 20 миллион АКШ долларын бөлүп берерин кошумчалады.

Анна Бьерде энергетика тармагындагы реформаларды канааттануу менен белгилеп, бул багытта тармактын финансылык абалын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын негизинде өндүрүштү кеңейтүү, тармакты реформалоо программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, башкарууну күчөтүү боюнча кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын айтты.

Дүйнөлүк Банктын Европа жана Борбор Азия региону боюнча вице-президенти ар кыл тармактарда биргелешкен бардык долбоорлорду ишке ашырууда өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга кызыкдар экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан